super.kg logo

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

 

14-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешкен:

  • 1-квадрат. Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муромск көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Coca-Cola району;
  • 2-квадрат. Садыгалиев көчөсү – Дэн Сяопин проспекти – Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавттар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Сяопин проспекти – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский тар көчөсү – Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
  • 3-квадрат. "Аскер шаарчасы", "Кызыл Аскер", 110-квартал конушу, "Достук" кичи району.

Маалым болгондой, "Батыш" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: