Кыргызстандык жаачылар Тажикстан президентинин кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту (фото)









Кыргызстандык жаачылар Тажикстандын президентинин кубогунда байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара 6-октябрдан 9-октябрга чейин Тажикстандын Кожент шаарында (Худжанд) өттү.
Командалык жарышта:
1-орун (алтын) – Асел Шарбекова, Эмирбек Машев
Эркектер арасында:
1-орун (алтын медаль) – Машев Эмирбек
Кыз-келиндер арасында:
1-орун (алтын медаль) – Динар Бекбалиева
3-орун (коло медаль) – Асел Шарбекова
Эркектер арасындагы курама команда:
3-орун (коло медаль) – Улукбек Курсаналиев, Эмирбек Машев, Мухаммад Ислам Алмамбет уулу
Кыргызстандын курама командасы жалпы 3 алтын, 2 коло медаль жеңип, командалык эсепте биринчи орунда жайгашты.
Жалпы командалык эсепте:
1-орун – Кыргызстан;
2-орун – Казакстан;
3-орун – Өзбекстан;
4-орун – Тажикстан;
5-орун – Ирак;
6-орун – Орусия.

