super.kg logo

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды

 

Швециянын Падышалык илимдер академиясы Нобель сыйлыгынын ээлерин жарыялоону улантууда. 2025-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Сыйлык ага "апокалиптикалык үрөй учурган чөйрөдө да искусствонун күчүн далилдеген, ишенимдүү жана келечекти көрө билген чыгармачылыгы үчүн" тапшырылды.

2024-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгын түштүк кореялык жазуучу Хан Ган алган. Ага бул сыйлык тарыхый жарааттарга каршы туруп, адам жашоосун ачып берген поэтикалык прозасы үчүн берилген. 2023-жылы бул сыйлыкты Юн Фоссе алган, ал айтылгыс нерселерге үн берген жаңычыл пьесалары жана прозасы үчүн бааланган.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери жыл сайын тапшырылып келет. Бирок 1914, 1940–1943-жылдары согуштук шарттардан улам берилген эмес.

Кечээ химия боюнча Нобель сыйлыгы "металлоорганикалык каркас түзүмдөрүн иштеп чыккандыгы үчүн" Сусуму Китагавага (Япония), Ричард Робсонго (Австралия) жана Омар Ягхиге (АКШ) ыйгарылды.

Физика боюнча сыйлыкка быйыл Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис ээ болушту. Алар "электр чынжырындагы макроскопиялык кванттык туннелдөө жана энергияны кванттык деңгээлде аныктоо" жаатындагы ачылыштары үчүн сыйланышты.

Медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Брунков, Фред Рамсделл жанаяпон окумуштуусу Симон Сакагучиге ыйгарылды. Алар "организмге зыян келтирбөө үчүн иммундук системаны жөнгө салуучу перифериялык толеранттуулукту ачканы үчүн" сыйланышты.

Эми эртең, 10-октябрда Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты жарыяланат.

Ал эми жаңы лауреаттарга сыйлыктар 10-декабрда Стокгольмдо өтө турган расмий салтанатта тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: