Тажикстанда Путин менен Алиевдин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү башталды
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Азербайжан президенти Илхам Алиев Душанбе шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу акыркы убактардагы алгачкы толук форматтагы сүйлөшүү болуп саналат. Буга чейин сентябрь айында, Путин менен Алиев Кытайда өткөн ШКУ саммитинде кыскача гана учурашып, маанилүү маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Орусия менен Азербайжан президенттеринин акыркы толук кандуу жолугушуусу өткөн жылдын октябрында өткөн.
7-октябрда Алиев телефон аркылуу Путинди 73 жаш кутман курагы менен куттуктаган. Маектешүү учурунда саясатчылар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын талкуулашкан.
Путин буга чейин Орусия менен Азербайжандын ортосунда айрым көйгөйлөр бар экенин, бирок баары өз ордуна келе турганын айткан.
Эске салсак, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы мамиле былтыр, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөндөн кийин солгундаган. Учактагы 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
Ал эми быйыл, июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында рейд болуп, азербайжандыктар массалык кармалган. Күч түзүмдөрүнүн бул операциясы адам өлүмү менен коштолгон. Азербайжан тынчсыздануусун билдирип, Бакудагы Орусиянын элчисине нота да берген. Ошондой эле Азербайжанда Орусия менен байланыштуу иш-чаралардын бардык түрү декабрга чейин токтотулган.
