super.kg logo

Кытайда футболчу оюн учурунда моюнун сындырып алды

 

Кытайда "Гуанси Пингго" футболдук клубунун жарым коргоочусу Сэмюэл Асамоа оюн учурунда моюнун сындырып алды. Бул тууралуу 9-октябрда The Daily Telegraph басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, оюн учурунда атаандашы аны түртүп жибергенден кийин Асамоа LED-экранга башы менен урунган.

Футболдук клуб билдиргендей, спортчу ушул сезондун калган бардык беттештерин өткөрүп жиберет.

"Анын карьерасы дагы олуттуу коркунучта калышы мүмкүн",- деп клубдун билдирүүсүн келтирет басылма.

Азыркы учурда футболчу операциядан кийин калыбына келип жатат, абалы туруктуу деп кабарланды.

Белгиленгендей, жарнамалык такта эл аралык стандарттарга ылайык, талаадан үч метр алыстыкта орнотулган. Асамоаны түрткөн атаандаш бул окуядан кийин сары айып кагазын алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: