Путин: "Орусиянын абадан коргонуу системасынын эки ракетасы AZAL учагынын жанында жарылган"
Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандагы жолугушууда Азербайжан президенти Илхам Алиевге сүйлөшүүнү AZAL авиакомпаниясынын учагынын кыйрашына байланыштуу кырдаалды талкуулоо менен баштоону сунуштады. Учак Грозныйга багыт алып бара жаткан, бирок абадан коргонуу системасынын иши учурунда жабыркап, Казакстан аймагында кыйраган.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Путин бул трагедия Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сураганын дагы бир ирет эске салды. Ал алгач ирет азербайжандык учактын кырсыкка учурашы Орусиянын абадан коргонуу системасынын иши менен байланыштуу экенин расмий ырастады.
Путиндин айтымында, орусиялык абадан коргонуу системасы тарабынан атылган эки ракета учакты түздөн-түз эмес, жанында, тагыраагы учактан бир нече метр алыстыкта жарылган.
Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу акыркы убактардагы алгачкы толук форматтагы сүйлөшүү болуп саналат. Буга чейин сентябрь айында, Путин менен Алиев Кытайда өткөн ШКУ саммитинде кыскача гана учурашып, маанилүү маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Эске салсак, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы мамиле былтыр, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөндөн кийин солгундаган. Учактагы 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
Ал эми быйыл, июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында рейд болуп, азербайжандыктар массалык кармалган. Күч түзүмдөрүнүн бул операциясы адам өлүмү менен коштолгон. Азербайжан тынчсыздануусун билдирип, Бакудагы Орусиянын элчисине нота да берген. Ошондой эле Азербайжанда Орусия менен байланыштуу иш-чаралардын бардык түрү декабрга чейин токтотулган.
