super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 

Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алдында Өкмөттүк резиденцияда саламдашуу аземи жана биргеликте сүрөткө түшүү болуп өттү, андан соң мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр залына жөнөштү.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.

Эмомали Рахмон өлкөлөр аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, эл аралык аренада бири-биринин демилгелерин колдоп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына жана "Россия + Борбор Азия" экинчи саммитине катышуу үчүн Тажикстанга иш сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана тажик жеринде көрсөтүлгөн салттуу жогорку меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле кыргыз-тажик мамилелери кылымдар бою келе жаткан достук жана коңшулаштык байланыштарга негизделгенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: