super.kg logo

Камиланын өлүмү жана Айсулууга байланышы. Мурдагы баш прокурор эмнени кыйытты?

 
Мындан 11 жыл мурун киши колдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын иши Ысык-Көлдө зөөкүрдүн колунан ажал тапкан Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы бар экениндигин мурдагы баш прокурор Аида Салянова кыйытты.
Ал социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, айтып берүүнү убадалап, бирок ИИМдин суранычы менен азырынча ачыктабай турууну көздөгөнүн билдирди.
"Мага жеткен маалымат боюнча Камила Дуйшебаеванын өлүмү ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырышып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар?" - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Салянова 1 же 2 жумадан кийин толук маалымат бериле тургандыгын жазды.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган.
Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасов кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Бирок ал үй-бүлөсү менен 2019-жылы АКШдан башпаанек таап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: