super.kg logo

Трамп: "НАТОго сатылган америкалык куралдын басымдуу бөлүгү Украинага жөнөтүлөт"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон НАТО өлкөлөрүнө активдүү түрдө курал сатып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, бул куралдардын басымдуу бөлүгү кийинчерээк Украинага жөнөтүлөт. Бул тууралуу ал бейшемби күнү Ак үйдө Финляндиянын президенти Александер Стубб менен жолугушуу учурунда айты.

"Биз НАТОго көп курал сатабыз, жана менимче, анын чоң бөлүгү Украинага жөнөтүлөт",- деди Трамп.

Буга чейин Орусия бир нече жолу Батыш өлкөлөрүнүн Киевге курал-жарак жеткирүүсү конфликтти тынчтык жолу менен чечүүгө тоскоол болуп жатканын билдирген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага багытталган курал-жарак ташылган бардык жүктөрдү мыйзамдуу аскердик бута катары карай турганын эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: