super.kg logo

Telegraph: Эгер Трамп Нобель сыйлыгын албай калса, Норвегияга бажы төлөмдөрүн киргизиши мүмкүн

 

АКШ президенти Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгын албай калса, Норвегияга бажы төлөмдөрүн киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу The Daily Telegraph гезитинин маалымдады.

Маалыматка ылайык, Трамптын "жооп иретиндеги чараларынын" катарында норвегиялык газ жана мунайдан баш тартууга чакырыктар, ошондой эле Осло менен расмий байланыштарды чектөө сыяктуу кадамдар да болушу ыктымал.

Буга чейин Трамп Нобель тынчтык сыйлыгын алууга кызыктар экенин бир нече жолу кыйыткан. Анын айтымында, ал өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүнүн ичинде жети согушту, тагыраагы Камбоджа менен Таиланд, Косово менен Сербия, Конго менен Руанда, Пакистан менен Индия, Израил менен Иран, Египет менен Эфиопия жана Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжалды жөнгө салган.

Ошондой эле, ал Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышууну да жөнгө салууну көздөп жатканын, жана бул сегизинчи согуш экенин айткан.

Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты бүгүн, 10-октябрда Ослодо жарыяланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: