super.kg logo

AP: АКШ ок атышууну көзөмөлдөө үчүн Израилге 200 аскер жөнөтөт

 

АКШ ок атышууну токтотуу келишимин көзөмөлдөө максатында Израилге 200гө жакын аскер жөнөтөт. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Израилде атайын "аскердик-жарандык координациялык борбор" түзүлөт. Бул борбор гуманитардык жардамдын жеткирилишин координациялайт, логистика жана коопсуздук жагынан колдоо көрсөтөт.

Комиссиянын курамына АКШнын өнөктөш өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери жана жеке уюмдардын өкүлдөрү кирет. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, курамга Египет, Катар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынан да аскер кызматкерлери кошулушу мүмкүн.

Эске салсак, кечээ, 9-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАС уюму тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча келишимге жетишкенин жарыялады. Бул этапка барымтадагы адамдарды бошотуу, Израил аскерлерин макулдашылган чекке чейин артка чыгаруу кирет.

Бул кадам Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтуу жана гуманитардык кырдаалды жакшыртуу максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: