super.kg logo

Павел Дуров Казакстандын Көлсай көлүнө эмнеге түшкөнүн ачыктады

 

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Көлсай көлүндө түшүүсүнүн чыныгы себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, ал муздак сууга көңүл ачуу үчүн эмес, көлдүн түбүндө жаткан кооптуу темир буюмду алып чыгуу максатында түшкөн.

"Мен ал жерге тазалык үчүн баргам. Төмөндө жаткан темир зат кооптуу болчу, аны суу алдынан чыгарып, көлдү тазалагым келди",- деген Дуров.

Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары миллиардердин аракетин сынга алышты. Себеби ал Алматыдагы корголуучу жаратылыш аймагында сүзүп, улуттук парктын эрежелерин бузган.

Парктын администрациясы окуя тууралуу кеч угушкандыктан, айып салынган эмес.

"Улуттук парктын жетекчилиги кызматтык иликтөө баштады. Анын жыйынтыгында тийиштүү тилкени туура көзөмөлдөбөгөн кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөт",- деп билдиришти жаратылыш коругунун басма сөз кызматынан.

Ошондой эле социалдык тармактарда белгиленгендей, Дуров өзүнүн Telegram-каналына жарыялаган алгачкы видеосунда анын колунда эч кандай темир зат болгон эмес, бул анын айткандарына күмөн жаратууда.

Буга чейин Казакстандагы "Көлсай көлдөрү" улуттук паркы Telegram мессенжерин негиздеген миллиардер Павел Дуровдун Көлсай көлүнө мыйзамсыз түшүүсү боюнча иликтөө баштаганын билдирген.

Эске салсак, октбярь айынын башында Дуров Казакстанга барган. Анын айыл балдары үчүн уюштурулган IQanat High School аттуу мектепти каржылык жактан колдой турганы айтылган. Кийин Digital Bridge форумунда Дуров Telegram компаниясы Казакстанда жасалма интеллект лабораториясын ачарын да билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: