Кыргызстандын тарыхында болгонбу? Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына каршы күрөшүү күнү
Бүгүн, 10-октябрь Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына каршы күрөшүү күнү. Учурда дүйнө өлкөлөрүнүн жарымынан көбү өлүм жазасына мыйзам чегинде чектөө киргизген.
РИА Новости агенттиги 205 өлкөнүн маалыматтарын талдап чыккан. Алсак, 125 өлкөдө өлүм жазасына мыйзамдуу чектөөлөр киргизилген. Ал эми 40 мамлекетте өлүм жазасына уруксат берилгени менен аны иш жүзүндө кеминде 10 жылдан бери колдонгон эмес. 5 өлкөдө өлүм жазасына өзгөчө учурларда, мисалы, согуш учурунда гана уруксат берилет. 35 өлкөдө дагы деле өлүм жазасына тартуу уланууда.
Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына каршы күрөш күнү жыл сайын 10-октябрда белгиленет. Ал 2003-жылы Бүткүл дүйнөлүк өлүм жазасына тыюу салуу коалициясынын демилгеси менен негизделген. Аталган коалиция 2002-жылы Римде түзүлгөн. Анын курамына 160тан ашык өкмөттүк эмес уюмдар, адвокаттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана профсоюздар кирет. Колалициянын максаты — өлүм жазасына каршы эл аралык кыймылды күчтөндүрүү жана аны бүтүндөй жоюуга жетишүү.
Кайсы мамлекеттерде өлүм жазасы жок?
Акыркы бир нече жылда 10 өлкө өлүм жазасын алып салышты. Мындай иш Зимбабведе 2024-жылы, Арменияда 2023-жылы, Замбия, Палестина, Папуа-Жаңы Гвинея, Борбордук Африка Республикасы жана Экватордук Гвинеяда 2022-жылы, Казакстан жана Сьерра-Леонеде 2021-жылы, Чад 2020-жылы ишке ашкан.
Өлүм жазасы расмий түрдө жоюла элек, бирок 10 жылдан ашык убакыттан бери өлүм жазасы аткарылбаган өлкөлөр да бар. Алар негизинен Африкада, Латын Америкасында жана бир катар арал мамлекеттеринде жайгашкан. Бул өлкөлөрдүн ичинен Брунейде 1957-жылдан бери, Мальдив аралдарында 1952-жылдан бери жана Америкалык Самоада 1939-жылдан бери аткарыла элек.
Кайсы мамлекеттерде өлүм жазасы күчүндө?
Көпчүлүк өлкөлөр өлүм жазасын алып салышканына карабастан, мындай жаза 35 өлкөдө колдонулуп келет.
11 өлкөдө быйыл кеминде 11 өлүм жазасы аткарылды. Алар: Ооганстан, Иран, Кувейт, БАЭ, Сауд Арабиясы, Сингапур, Сомали, АКШ, Тайвань, Жапония жана Египет.
2023-жылы Вьетнам менен Бангладеште өлүм жазасы колдонулган. 2022-жылы Беларуста жана Мьянмада, 2021-жылы Ботсванада, Иорданияда, Оманда, ал эми 2020-жылы Катарда жана Индияда өлүм жазасы колдонулган. Акыркы 10 жылда өлүм жазасына тартуу иштери Түштүк Судан, Таиланд, Малайзия жана Индонезияда да аткарылган.
Башка өлкөлөр мындай маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Бирок алардын мыйзамдарында өлүм жазасы каралган. Алардын арасында Бахрейн, Йемен, Пакистан, Сирия, Судан, Ирак, Кытай жана Түндүк Корея бар.
Ал эми Бразилия, Гана, Гватемала, Перу жана Сальвадор өлкөлөрүндө өлүм жазасына өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, согуш учурунда гана уруксат берилет.
Кыргызстанда быйыл өлүм жазасын киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу 41 жаштагы жарандын колунан ажал тапкан соң өлкөдө өлүм жазасын киргизүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Ал арада өлкө башчысы Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырмасын койгону маалым болду.
Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемден окусаңыз болот.

