50 тилкенин баары толуп... Кытайда эң ири жол тыгыны катталды (видео)
Кытайда Күз ортосунун майрамы жана өлкөнүн түзүлгөн күнүнө арналган сегиз күндүк эс алуулар аяктагандан кийин ири жол тыгындары пайда болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Комментарийлерде "биздин өлкөдөгү тыгындар тыгын деле эмес экен", "мен жумушка баратканда күндө тыгынга дуушар болом дечүмүн, чыныгы "тыгын" эмне экенин эми түшүндүм", "мына сага, жол тыгыны деп ушун айт", "Бишкектин тыгыны эс алат турбайбы", "Жанагы депутат туура айтыптыр, бизде тыгын деле жок турбайбы" деген сыяктуу пикирлер жазылууда.
Маалыматтарга караганда, Пекин–Гонконг–Макао трассасынын 50 тилкеси толугу менен толуп, адатта 10 саатта жүрүлчү жол 25 саатка чейин созулган.
Жол кырдаалын начар аба ырайы дагы күчөткөн. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нөшөрлөп жааган жаан жана катуу шамал болгон. Натыйжада Кытайдын эң ири автомагистралдарында тыгындар жаралып, айдоочулар жолдо түнөп калууга аргасыз болушкан.
Кытайда эң ири жол тыгыны катталды
