ХАМАС Израил менен согуштун толук аяктаганын билдирди
ХАМАС менен Израилдин тынчтык келишиминин биринчи этабы Газадагы согуштун толук аякташын билдирет. Бул тууралуу ХАМАС кыймылынын сүйлөшүү тобунун өкүлү Халиль аль-Хайя билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, кыймыл АКШ жана ортомчулардан Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча келишимдин биринчи этабы согуштун толук аякташын билдирет деген кепилдик алган.
Буга чейин бул келишим тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирген. Al Jazeera агенттигинин маалыматына ылайык, келишимде туткундарды алмашуу жана Израил аскерлерин Газадан чыгарып кетүү каралган.
Ага ылайык, Израил өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестин туткунун бошотот жана согуш башталгандан бери камакка алынган 1 700 газалык тургунду коё берет.
Халиль аль-Хайянын айтымында, ок атышууну токтотуу гуманитардык жардамдын киришине жана Египет менен чек ара өткөрмө пунктунун ачылышына жол ачат.
Бирок, Газаны башкаруу маселеси жана ХАМАСтын статусу боюнча маселелер азырынча чечиле элек. ХАМАС кыймылы куралсызданууга баруудан баш тартып жатканы айтылууда.
