Даун синдрому бар кызды аттракционго киргизбей коюшкан. Акыйкатчы окуя боюнча үн катты
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыздоого жана дискриминацияга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Билдирүүдө Жаманбаева Бишкек шаарынын аймагындагы “Евразия” сейил багында 7 жашар Айлин менен апасы кабылган окуяга тынчсыздануусун билдирди.
Айлиндин апасынын айтымында, Даун синдрому бар кызынын жакында эле омурткасына операция жасалгандыктан, азырынча өз алдынча баса албайт.
“Мен кызымды ат аттракционуна отургузуп, өзүм жанында кармап турайын дегем. Бирок сейил бактын кызматкерлери бул аттракцион 14 жашка чейинки балдар үчүн деген жүйө менен бизге уруксат беришкен жок. Кызым менин жардамымсыз отура албайт. Буга чейин, башка сейил бактарда эч тоскоолдуксуз эле түшүп жүрчүбүз”,- деди кыздын апасы.
Мекемеден билдиришкендей, Акыйкатчы Бишкек шаарынын мэриясына текшерүү жүргүзүп, кыздын аттракционго кирүүсүнө бөгөт болгон эреженин негиздүүлүгүн тактоого чакырган кат жолдогон. Жаманбаева мындай учурлар кийин дагы кайталанбашы үчүн сейил бактын кызматкерлерин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, өзгөчө балдарга туура жана сый мамиле жасоону үйрөтүүнү сунуштады.
Акыйкатчы белгилегендей, аттракциондорго кирүү эрежелери коопсуздук жана техникалык талаптардын негизинде гана так жана түшүнүктүү түрдө жөнгө салынууга тийиш.
Жаманбаева муниципалитетти бардык жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, анын ичинде сейил бактардын аймагындагы жеткиликтүүлүк шарттарын жакшыртууга чакырды. Бул Кыргызстан 2019-жылы ратификациялаган БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенцияда каралган. Ал эми Конституцияга ылайык балдар өлкөнүн эң башкы байлыгы болуп саналат.
