Көп балалуу энелердин "Бала береке" бир жолку жөлөк пулун алуу тартиби

Министрлик билдиргендей, жөлөк пулдун өлчөмү төрөт тартибине жараша төмөндөгүдөй белгиленген:
- 4-бала үчүн – 100 000 сом;
- 5-бала үчүн – 600 000 сом;
- 6-бала үчүн – 800 000 сом;
- 7-бала үчүн – 1 000 000 сом;
- 8-бала үчүн – 1 200 000 сом;
- 9-бала үчүн – 1 500 000 сом;
- 10 жана андан кийинки балдар үчүн – 2 000 000 сом.
Төлөмдү бала бир жашка толгондон кийин алууга болот. Ага тоолуу жана алыскы, жетүүсү кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган көп балалуу энелер укуктуу.
Өтүнмө берүүдө мурда каза болгон балдар да эске алынат, эгерде алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар болсо.
Төлөм төмөнкү учурларда дайындалбайт:
- жалган же туура эмес документтер берилсе;
- балдар толугу менен мамлекеттин кароосунда болсо;
- эне Кыргызстандын жарандыгына ээ болбосо жана кайрылман статусу жок болсо;
- бала бир жашка жетпей каза болсо;
- эне ата-энелик укугунан ажыратылган болсо;
- жаза өтөө, дарылануу же тарбиялык мекемелерде болуу учурларында.
Бир жолку төлөмдү алуу укугу пайда болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде өтүнмө берүү зарыл. Эгер бул мөөнөт өзгөчө кырдаал мезгилине туш келсе, ал 30 календардык күнгө узартылат.
Бир жолку төлөмдү алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- эненин паспорту же кайрылман күбөлүгү;
- бардык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- эгер эгиз же үч эм төрөлгөн болсо - төрөт тууралуу тастыктама;
- тоолуу же алыскы аймакта катталгандыгы жана туруктуу жашагандыгы тууралуу маалымкат;
- каражат которуу үчүн банктык реквизиттер.
"Бала береке" бир жолку төлөмү тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоого, ошондой эле балдарды татыктуу тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик демилге болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:50
2025-10-10
15:49
2025-10-10
14:59
2025-10-10
10:50
2025-10-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.