Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү интернет эркиндигин сактап калууга чакырды
Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров Батыш өлкөлөрүндөгү чаралар интернет эркиндигине коркунуч жаратканын билдирди.
"Биздин муундун колунда ата-бабаларыбыз түзгөн эркин интернетти сактап калууга аз убакыт калды… Мурда эркин деп эсептелген өлкөлөр азыр антиутопиялык чараларды киргизип жатышат . Мисалы, санариптик ID (Улуу Британия), жаш куракты онлайн текшерүү (Австралия) жана жеке билдирүүлөрдү массалык сканерлөө (Евробиримдик)",- деп жазды ал.
Дуров бул чаралар сөз эркиндигине жана купуялуулукка чоң коркунуч жаратып жатканын белгилеп, интернетти эркин бойдон сактап калууга азыр аракет кылыш керектигин баса белгиледи.
Дуров белгилегендей, башында интернет эркин ой бөлүшүүчү аянтча катары ойлонулган, бирок азыр көзөмөл куралына айланып калды.
Ал дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан мисалдарды келтирип, Улуу Британияда санариптик ID киргизүү, Австралияда онлайн жаш куракты текшерүү, Евробиримдикте жеке билдирүүлөрдү сканерлөө, Германияда интернетте бийликти сындагандарды куугунтуктоо, Францияда эркиндик жана купуялуулукту коргогондорго кылмыш иштери ачылууда.
Дуров азыркы дүйнө салттардан, купуялуулуктан, эгемендүүлүктөн, эркин базардан жана сөз эркиндигинен баш тартып жатканын баса белгиледи.
"Менде убакыт аз калды. Бизде убакыт аз калды",- деп билдирип, интернет эркиндигин азыр сактап калууга чакырды Дуров.

