super.kg logo

Сахна ханышасы Айгерим Расул кызы 34 жашка толду

 

Бүгүн, 10-октябрда эстрада ырчысы, "Дүйнө айымы" Айгерим Расул кызынын туулган күнү. Ырчы айым өздүк майрамын Чыгыш Африканын Маврикий өлкөсүндө белгилөөдө.

Социалдык тармактарда Расул кызынын туулган күнүн куттуктап достору, жакындары, күйөрмандары, катталуучулары жазышууда.

Ырчы айым 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган.

Айгерим Расул кызы бала кезинен эле чыгармачылык дүйнөгө аралаша баштаган. 3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыккан.

Кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган. Мындан тышкары, анын "Кызганамын", "Ата", "Такси", "Жолуктум" аттуу ырлары хитке айланган.


Ошондой эле ал өзүн актёрлук жактан да сынап көрүп, "Жараланган турналар", "Братандар" деген тасмаларга тартылган. Айгерим Расул кызынын актёрдук чеберчилик боюнча жогорку билими да бар.

Ырчы айым 2023-жылы Орусияда өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени багындырган.

Айгерим Расул кызынын кыз узатуусу 2014-жылы Бишкектеги стадиондо кыргыздын салты менен өткөрүлгөн. Учурда ырчы айым жолдошу Азамат экөө 3 баланын бактылуу ата-энеси.

"Мен жөнүндө ушактарга жолдошум көнүп бүттү, азыр андайларга такыр көңүл бурбайт. Азамат экөөбүз үйлөнө электе эле мен тууралуу айтылган ушак-кептерди изилдеп чыккан экен. Баары куру сөз, жалган жалаа экенин ошондо эле билген. Ал өзү да орган кызматкери болгондуктан психолог болуп калган. Үйлөнгөнгө чейин экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп жүргөнбүз, ошол убакта сынап, байкаштырып, мени 5 колундай билип, анан үйлөнгөн да",- деген ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде.

Учурда да сахна ханышасы Айгерим Расул кызы чыгармачылыктын чыйыр жолунда ар дайым жаңычылдык жаратып, өзгөчө клиптерди, образдарды жаратып, элди суктандырганды улантууда.


10-октябрдын жылнаамасы.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: