super.kg logo

Милиция Жалал-Абадда кыздын токмоктолушу боюнча маалымат берди

 

Жалал-Абад облустук милициясы зомбулукка кабылганы айтылып жаткан кыз тууралуу маалымат берди.

Облустук ички иштер башкармалыгы милицияга 5 күн мурун, тагыраагы, 5-октябрда Манас шаарынын 24 жаштагы тургуну арыз менен кайрылганын белгиледи. Арыз ээси ошол эле күнү таңкы саат 07:00 чамасында 24 жаштагы тааныш жигит аны Сузак районундагы Кызыл-Туу айылында эч себепсиз эле уруп, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Жабырлануучуга атайын соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Текшерүүдө алардын ортосунда кыз-жигит мамилеси болгону, үйлөнүүнү максат кылып жүрүшкөндөрү, пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкени маалым болгон.

Облустук милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жана кошумча дагы маалымат берилерин белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда Манас шаарында ур-токмокко кабылганы айтылган кыздын видеосу тарап, талкуу жаратып жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: