super.kg logo
  Саясат  

Манас шаарына Караколдун мэри баштаган жетекчилер тажырыйба алмашуу үчүн келишти

 
Кечээ, 9-октябрда Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиевдин жетекчилиги астында аталган шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери Манас шаарына тажырыйба алмашуу иш сапары менен келишти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Аларды Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жылуу маанайда тосуп алышты.
Алгач шаар башчысы келген конокторго мэриянын жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын тааныштырды.
Андан соң жыйындар залында эки тараптуу кызматташтыкты жана достук мамилени бекемдөө максатында меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, Манас шаарында соңку 5 жыл аралыгындагы өзгөрүүлөр, ишке ашып жаткан ири долбоорлор, жаңыдан курулуп жаткан объекттер боюнча видео тасма көрсөтүлдү.
Иш-чаранын кийинки бөлүгү шаардагы мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүн, бир катар курулуш объекттериндеги жумуш ыргагын, парктардын ишмердүүлүгүн жеринде көрүү менен улантылды.
Иш-чаранын негизги максаты Манас шаары менен Каракол шаарынын ортосундагы достук мамилени түзүү, тажырыйба алмашуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: