Түркияда 19 жаштагы кыргызстандык төрөп, ымыркайын террасага таштап кеткени айтылууда
Түркиянын Мугла облусунун Бодрум районундагы отелде иштеген Кыргызстандын У. к. Ж. аттуу жараны мейманкананын жатаканасында төрөп, ымыркайын сүлгүгө ороп террасага таштап кеткени айтылууда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, аталган жаран 19 жашта, ал Бодрумга иштөө үчүн 5 ай мурун барган.
Басылмалар билдиргендей, кыз ооруканага кайрылган, андан соң төрөгөнүн полицияга айткан. Полиция менен медицина кызматкерлери мейманканага барганда, жаңы төрөлгөн ымыркайдын чарчап калганы аныкталган.
Баланын сөөгү экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилди.
Учурда кыздын дарыланып жатканы, андан соң анын камакка алына турганы айтылды. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
Ал эми окуя тууралуу өлкөнүн Түркиядагы элчилиги азырынча расмий маалымат бере элек.

