Орусия Дональд Трамптын Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшүн колдой турганын билдирди
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын президенти Дональд Трамп Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыктуу деп табылса, Орусия бул демилгени колдой турганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Мен ойлойм, бизден сурашса бул пикирди колдомокпуз",- деди Ушаков.
Ал ошондой эле Украинанын Трампты Нобель сыйлыгына талапкер катары колдоого даяр экенине таң калганын кошумчалады. Ал Украина мындай колдоону Трамп Киевге Tomahawk сыяктуу узак аралыктагы ракеталарды берсе гана көрсөтмөкчү экенин айтып, бул көрүнүштү сынга алды.
Буга чейин Politico басылмасы Украина президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө шилтеме берип билдиргендей, ал Трамп Газа согушун токтотуу боюнча план сунуштаса жана Украинага жардам берсе, анда аны Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Зеленский бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн жыйынында Трамп менен болгон жолугушуусунан кийин айткан.

