Каракол шаардык "Суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды (фото)














Каракол шаардык "Суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10- октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылы Каракол шаарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жооптуу кызматкерлер тарабынан шаардагы суу алуучу жайлардын биринин аймагындагы үч скважинага бургулоо иштери боюнча тендер өткөрүлүп, 2023-жылдын 31-декабрына чейин тендердин баасы 38 миллион 927 миң сомду түзгөн.
"Ошол учурдан тартып ушул кезге чейин "В" ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери ар кандай себептерди шылтоолоп, көрсөтүлгөн долбоордон четтеп, сапатсыз чыгымдалуучу материалдарды пайдаланышкан. Натыйжада бургуланган скважиналардан иче турган суу талап кылынган өлчөмдө берилбей калган",- деп айтылат маалыматта.
Мекемеден кошумчалангандай, аталган муниципалдык ишкананын кызмат адамдары долбоордон четтегенине карабастан аткарылган иштердин актыларына кол коюп, ошону менен мамлекеттик бюджетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Каракол шаардык "Суу канал" ишканасынын жетекчиси О.Ж.К. жана «В» ЖЧКсынын Д.Р.К. аттуу жооптуу кызматкери Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
