super.kg logo

Мотуевдин билдирүүсүнөн кийин алдамчылыкка шектүү жаран кармалды (фото)

 

УКМК социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү процессинде блогер Нурлан Мотуевдин жарыялаган публикациясын аныктап, алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1974-жылы 27-сентябрда Ош облусунун Алай районунда туулган К.Ш.Ш. аттуу жараны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу боюнча ири тендерди утуп алабыз деген шылтоо менен М.Г.А. аттуу жарандын 210 миң долларын жана BMW X7 үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен тартып алган.

Жүргүзүлгөн аныктоо иш-чараларынан кийин М.Г.А.дан жазуу жүзүндөгү арыз алынып, ал жарыяланган видеороликте көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Ш.Ш. кармалып, УКМКнын Штаб квартирасына жеткирилген жана ал сүйлөшүү учурунда күнөөсүн толук мойнуна алган. Андан соң Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: