super.kg logo

Украинада ракеталык сокку болуп, курман болгондордун арасында бала да бар

 

10-октябрга караган түнү Орусия Украина аймагына дрондор жана баллистикалык ракеталар менен массалык сокку урду. Натыйжада Киевде 12 киши жаракат алып, Запорожье шаарында 7 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдирди.

Маалыматка ылайык, сегиз жабырлануучу ооруканада, ал эми төртөө амбулатордук жардам алып жатат. Анын айтымында, бир нече жарылуудан кийин шаарда жарык өчүп, метронун айрым бөлүктөрүндө кыймыл токтоп, мектептер онлайн окутууга өткөн. Шаардын сол жээгинде электр жана суу берүү үзгүлтүккө учураган.

Украинанын энергетика министри Светлана Гринчук Орусия атайылап энергетикалык инфраструктурага сокку урганын белгиледи. Днепропетровск облусунда өрт чыгып, электр камсыздоодо үзгүлтүктөр катталган. Ал эми Киевдин Печерск районунда дрондун калдыктары турак үйгө түшүп, 17 кабаттуу үйдүн бир нече батири күйүп кеткен. Запорожьеде болсо оор жаракат алган 7 жаштагы бала ооруканада көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: