Душанбеде Жапаровдун КМШ лидерлери менен сейилдеген видеосу жарыяланды (видео)
Президент Садыр Жапаровдун КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы өкмөттүк резиденциянын багын аралап жүргөн видеосу жарыяланды. Бул кечки сейилдөө делегация өкүлдөрүнө арналган сый тамактын алдында болгон.
Сейилдөө учурунан тартылган видеону Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарынын бири өзүнүн YouTube каналына жарыялады.
Кадрлардан Жапаровдун сырткары, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжан лидери Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди көрүүгө болот.
Лидерлер Душанбедеги Улуттук сарайдын багын кыдырышкан. Өкмөттүк резиденциянын аймагында алар үчүн жемиш-жашылчадан жасалган инсталляциялар даярдалган.
Эске салсак, өлкө башчы учурда Тажикстандын кабыл алуулар сарайында КМШ лидерлеринин саммитине катышууда.
Душанбе: Жапаровдун КМШ лидердери менен сейилдеген видеосу жарыяланды

