Душанбеде КМШ лидерлеринин саммити башталды (видео)
Душанбеде КМШ мамлекет башчыларынын саммити башталды. Иш-чара Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында Улуттук сарайда өтүп жатат.
Саммитти ачып жатып, Эмомали Рахмон: "Тажикстан төрагалык кылган жылы КМШга мүчө мамлекеттер жана Аткаруучу комитет менен тыгыз кызматташтыкта коюлган максаттарды ишке ашыруу боюнча комплекстүү иштерди улантты",- деп билдирди.
Анын айтымында, ар кандай деңгээлдеги жана форматтагы ондогон иш-чаралар өткөрүлдү. Өзгөчө көңүл уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө бурулду. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорт-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана санариптик интеграция багытындагы иштер улантылган. Гуманитардык кызматташтык жаатындагы аракеттер да болгон.
Саммитке Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери катышууда.
Жыйын өтүп жаткан резиденцияда Тажикстандын президенти ар бир конокту жеке өзү тосуп алды.
Тажикстанда КМШ лидерлеринин саммити өтүүдө

