Израил Газадан аскерлерин чыгара баштады
Израил армиясы Газанын аймагынан аскерлерин чыгара баштады. Бул тууралуу The Times of Israel гезити жазып чыкты.
"Израилдин коргонуу армиясы ХАМАС менен жетишилген макулдашуунун алкагында бардык барымтага алынгандарды бошотуу максатында аскерлерди Газа секторундагы макулдашылган чек ара сызыктарына чейин түшкүгө чейин толук чыгарып бүтүрүүнү көздөөдө",- деп айтылат маалыматта.
Басылманын маалыматына караганда, операция аяктагандан кийин Израил армиясы Газа аймагынын 53 пайыз аймагын көзөмөлдөп калат.
Макулдашууга ылайык, аскерлер чыгарылгандан кийинки 72 сааттын ичинде ХАМАС 48 барымтадагы адамды бошотушу керек, алардын 20сы тирүү экени белгилүү.
Буга чейин ХАМАСтын Газа секторундагы лидери Халиль аль-Хайя Израил менен болгон келишимге ылайык, бардык палестиналык аялдар жана балдар бошотуларын билдирген.
Газа секторунда ок атышууну токтотуу режими 9-октябрда күчүнө кирген. Бул АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен жетишилген макулдашуунун биринчи баскычы болуп саналат. Анын алкагында барымтадагы адамдарды алмашуу жана Израил аскерлерин артка кайтаруу каралган.

