super.kg logo

Мезгил кутусу 100 жылдан соң ачылат... Ташиев Чек ара кызматынын имаратынын курулушуна капсула салды

 

Бүгүн, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чер ара кызматынын Борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган имарат Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун аймагында курулмакчы. Жаңы административдик комплекс негизги 4 кабаттуу имараттан жана бир катар кошумча объекттерден, анын ичинде спорт зал, көзөмөл-өткөрүү пункттары жана унаа токтотуучу жайлардан турат. Долбоордо жети административдик блок каралган, анда кызматтык кабинеттер, конференц-залдар, музей, ашкана, ошондой эле тренажёрдук зал жана кесиптик тир жайгашат.

"Биз жөн гана имарат эмес, заманбап, жогорку технологиялуу жана ыңгайлуу комплекс куруп жатабыз. Ал Чек ара кызматынын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга, аскер кызматчылары үчүн мыкты шарттарды түзүүгө жана коопсуздук менен коргонуу жаатында мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө болот",- деген Ташиев.

Имаратты 2027-жылдын 28-майында бүтүрүү пландалган. Атайын кызматтын башчысы салган мезгил кутусу 100 жылдан кийин ачылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: