Трамп эмес... Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси белгилүү болду
Бүгүн, 10-октябрда Нобелдин тынчтык сыйлыгынын эсси аныкталып, ал Венесуэланын мурдагы депутаты Мария Корина Мачадого ыйгарылды. Ал демократия үчүн күрөшүп жаткан Венесуэла оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү катары таанылган.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн бул сыйлыкка татыктуу деп эсептеп, саясий жана дипломатиялык аракеттери үчүн Нобелге көрсөтүлүшү керек деген пикирлерди билдирген.
Анын айтымында, ал өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүнүн ичинде жети согушту, тагыраагы Камбоджа менен Таиланд, Косово менен Сербия, Конго менен Руанда, Пакистан менен Индия, Израил менен Иран, Египет менен Эфиопия жана Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжалды жөнгө салган.
Ошондой эле, ал Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышууну да жөнгө салууну көздөп жатканын, жана бул сегизинчи согуш экенин айткан.
Эске салсак, кечээ, 2025-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Ага чейин химия боюнча Нобель сыйлыгы "металлоорганикалык каркас түзүмдөрүн иштеп чыккандыгы үчүн" Сусуму Китагавага (Япония), Ричард Робсонго (Австралия) жана Омар Ягхиге (АКШ) ыйгарылды.
Физика боюнча сыйлыкка быйыл Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартинис ээ болушту. Алар "электр чынжырындагы макроскопиялык кванттык туннелдөө жана энергияны кванттык деңгээлде аныктоо" жаатындагы ачылыштары үчүн сыйланышты.
Медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Брунков, Фред Рамсделл жанаяпон окумуштуусу Симон Сакагучиге ыйгарылды. Алар "организмге зыян келтирбөө үчүн иммундук системаны жөнгө салуучу перифериялык толеранттуулукту ачканы үчүн" сыйланышты.
Ал эми жаңы лауреаттарга сыйлыктар 10-декабрда Стокгольмдо өтө турган расмий салтанатта тапшырылат.

