super.kg logo

Францияда круассан жыттанган почта маркасы чыгарылды

 

Франциянын улуттук почта кызматы круассан жыты чыккан марканы тааныштырды. Бул тууралуу Le Figaro басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, марканын өзгөчөлүгү анын бетин манжа менен сүртүп жыттап көрсө, сары май менен бышкан круассан жыттанат.

Марканын нускасы чектелүү, 594 миң даана гана чыгарылган. Ал эми сатык Франциядагы үч гана почта бөлүмүндө ачылган. Бул марка мыкты круассан боюнча улуттук сынактын урматына чыгарылган.

Бул сейрек марканы биринчилерден болуп сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бөлүмдөрдүн бири — Валанс шаарындагы почта. Анын жетекчиси Антони Рише: "Биринчи күнү бизге 400дөй кардар келсе, алардын 50сү атайын ушул марка үчүн келген. Кээ бир коллекционерлер коңшу Лион шаарынан келишти. Башында бизге берилген 1000 марканын 400дөн ашыгы биринчи эле күнү сатылып кетти",- деп билдирген.

Марканын баасы — 2,1 евро, аны Франция ичинде да, чет өлкөгө да кат жөнөтүү үчүн колдонсо болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: