super.kg logo
  Саясат  

Сокулукта башка бирөөнүн жерлерин сатып жиберген аял кармалды

 
Чүй облусунун Сокулук районунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Милицияга жер сатып алып, алданып калган жарандар кайрылышты. Анда Ж.А. аттуу аял 2022-жылы Военно-Антоновка айылындагы (жаңы аты Кожомкул) 295-контурунан 4 сотыхтан 4 бөлүктү 10 миң доллардан баалап, 40 миң долларга саткандыгы айтылган. Мындан тышкары, коммуналык кызматтарга, кызыл китепке деп кошумча 440 миң сом акчасын алгандыгын билдиришти. Бирок учурда ал участоктордун ээси башка экени аныкталып, арыз ээлери акчасын же жер аянтын ала албай жатышканы кошумчаланды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1977-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп, кошумча арыздар да келип жаткандыгын милициядан билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: