Газа тургундары тынчтык келишими күчүнө киргенден кийин түндүк тарапка кайтып келишүүдө
Израил Газа секторунун тургундарына түндүк аймактарга кайтып барууга уруксат берилгенин билдирди. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы жазды.
Израил армиясынын өкүлү Авихай Адраи маалымдагандай, элге Газанын түштүгүнөн түндүгүнө жана тескерисинче өтүүгө эки маршрут, тагыраагы, Рашид жээгиндеги жол жана Салах ад-Дин шоссеси аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Бул жолдор аркылуу жүздөгөн адамдар үйлөрүнө кайта башташты.
Ошол эле учурда, Израил армиясы палестиналыктарды израилдик аскерлер дагы эле жайгашкан аймактарга жакындабоого чакырды. Себеби бул жерлер келишимдин шарттарына ылайык аскердик көзөмөлдөө бар.
Учурда Израилдин Коргоо армиясы Газа секторунун 50 пайыздан ашуун бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Бул аймактар негизинен шаар четиндеги жерлерди камтыйт.
Израил көзөмөлдөгөн аймактарга Газанын чек арасындагы буфердик зона, Филаделфия коридору — Египет менен Газанын ортосундагы чек ара тилкеси, Сектордун түндүк жагындагы Бейт-Ханун жана Бейт-Лахия, Газа шаарынын чыгыш четиндеги дөңсөө жана Газанын түштүгүндөгү Рафах жана Хан-Юнис аймактарынын чоң бөлүгү кирет.
Жарандарга бул аймактарга кирүүдөн мурун этият болуу жана Израил тарабынан көрсөтүлгөн коопсуз маршруттарды гана пайдалануу эскертилди.

