super.kg logo

27 миң күзгүдөн турат. Кытай Гоби чөлүндө жылуулук электр станциясын ишке киргизди (видео)

 

Кытай Гоби чөлүндө дүйнөдөгү алгачкы күн жылуулук электр станциясын ишке киргизди. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Бул станция 27 миңге жакын күзгүдөн турат. Алар күн нурун бийиктиги 200 метр болгон эки мунарага топтойт. Мунаралар бири-биринен болжол менен 1 чакырым алыстыкта жайгашкан жана жалгыз турбинаны энергия менен камсыздайт. Адистер бул систем эффективдүү болуп эсептелерин белгилешкен. Мындай технология дүйнөдө биринчи жолу колдонулууда.

Станциянын иштөө процессинде концентрацияланган жылуулук бөлүнүп чыгат, ал тузду 570 градус чейин эритип жана сактап турат. Бул жылуулук бууну пайда кылат, ал болсо турбиналарды кыймылга келтирип, электр энергиясын күн баткандан кийин же булуттуу күндөрдө да өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, буга чейин Кытайда буйрутма товарды ракета аркылуу жеткирүү ийгиликтүү сыноодон өткөрүлдү. Ракетанын бортуна өлкөдөгү эң ири маркетплейс Taobao сайтынан жүктөлгөн 20 килограммдан ашык товар салынган.

Сыноону Бээжиндик SEPOCH аттуу стартап ишке ашырды. Алардын XZY-1 аттуу ракетасы Кытайдын чыгыш жээгинде сыналды. 26,8 метр узундуктагы жана 57 тонна салмактагы дат баспаган болоттон жасалган ракета 2,5 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, 125 секунд уча алган. Андан соң ракета Шандун провинциясына жакын деңизге тик түшүп, 18 сааттан кийин сууга түшкөн жеринен алынып, кайра базага жеткирилген.






Кытай Гоби чөлүндө жылуулук электр станциясын ишке киргизди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: