super.kg logo

O!Bank жана Kaspi.kz Казакстан менен Кыргызстандын жарандары үчүн QR-төлөмдөрдүн жаңы сервисин ишке киргизди

 

O!Bank казакстандык финтех-лидери Kaspi.kz менен биргеликте коңшу өлкөдө үйдөгүдөй эле ыңгайлуу шартта төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы сервисти ишке киргизди.

Эми кыргызстандыктар Казакстанда товарларды жана кызматтарды «Мой Отиркемеси аркылуу Kaspi QRди сканерлөө менен төлөй алышат. Мында эч кандай комиссия жок – баары өз өлкөсүндөгүдөй.

Мындан тышкары, O!Bank'тын кардарларына Kaspi.kz'ке телефон номери менен комиссиясыз тез которуулар жеткиликтүү.

Кыргызстанга келген казакстандыктар үчүн Kaspi.kz тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар: кыргыз сатуучунун QR-кодун сканерлөө жетиштүү.

Төлөмдүн бул мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын Улуттук банктар аралык процессинг борбору менен биргеликте иштелип чыккан жана киргизилген QR-коддорунун улуттук стандарты ELQRдин базасында ишке ашырылган.

Жаңы сервис эки өлкөнүн ортосунда жүргөндө накталай акча же банктык карталарды алып жүрүү зарылдыгын толугу менен жокко чыгарат.

Болгону кадимки мобилдик тиркеме керек: «Мой О!» же Kaspi.kz.

Толук маалымат: obank.kg. «Мой О!» супераппын Google Play же App Store'дон Кыргызстандын каалаган операторунун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.

«О!Банк» ААК. КРУБдун 2024-жылдын 17-сентябрындагы №044 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: