super.kg logo

Ала-Арчада алгачкы родельбандын курулушу башталды (видео)

 

Бишкектин чет жакасындагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргызстандагы дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу расмий түрдө башталды. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жаткандыгын бүгүн, 10-октябрда Каныбек Туманбаев билдирди.

200 метр узундуктагы трассада 36 чана орнотулуп, саатына 500 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоор Германиянын дүйнөгө таанымал “Wiegand” компаниясы тарабынан курулат. Анын жетекчиси Юрген Хельмут Рушке капсула салуу аземине катышып, Кыргызстандын жаратылышына жогору баа берди.

Мындан тышкары өлкөдө асма жолунун курулушу да башталды. Аны ишке ашырып жаткан “Doppelmayr” компаниясы жакынкы күндөрү пайдаланууга берет.

Туманбаев бул ири долбоорлор туризмди өнүктүрүүдөгү чоң кадам, жана Кыргызстандын эл аралык туристтик аброюн жогорулатууга багытталгандыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Родельбан — бул тоо этектериндеги чаналар орнотулган чакан темир жол, ал менен төмөн көздөй ылдамдыкта түшүүгө болот. Ал көңүл ачуучу жана коопсуз спорттук аттракцион катары дүйнөнүн көптөгөн тоолуу аймактарында колдонулат.






Ала-Арчада алгачкы родельбандын курулушу башталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: