super.kg logo

Манас шаарында сабалган кыз. Шектүү кармалды (видео)

 

Манас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 5-октябрда Сузак райондук милициясына Манас шаарынын 2001-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 07:00 чамасында ага тааныш болгон 1987-жылы туулган К.Н. аттуу бала Сузак районундагы Кызыл-Туу айылында эч бир себепсиз бети башына уруп, тээп денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган жаран 10 айдан бери зомбулук көргөн кыз менен мамиле түзүп жүргөндүгүн айтып, белгилүү себептерден улам уруша кеткендигин билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абаддын Манас шаарында ур-токмокко алынган делген кыздын видеосу тарап, милиция маалымат берген.






Манас шаарында сабалган кыз. Шектүү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: