super.kg logo

Германияда шаар мэрине асырап алган кызы кол салгандыгы айтылууда

 

Германиянын Хердекке шаарынын мэри Ирис Штальцер оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Ага кол салууга 17 жаштагы асырап алган кызы шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Полициянын маалыматына караганда, кыз Штальцерди үйдүн жер төлөсүнө бир нече саат кармап, кыйнап, бычак менен 13 жолу сайып, өч алуу ниетин айткан. Ал чачын жана кийимин күйгүзүүгө аракет кылганы кабарланды. Кол салуудан кийин кыз өзү куткаруу кызматын чакырып, апасына белгисиз адамдар кол салгандыгын билдирген.

Үйүнөн тийиштүү далилидер алынган. Бычак асырап алган экинчи баласынын баштыгынан табылган.

Прокуратура бул ишти “денеге оор залал келтирүү” катары каттоодо. Асырап алынган эки өспүрүм учурда социалдык кызматтын кароосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: