Түштүк кореялык дарыгерлер Нарында 700гө жакын адамга акысыз жардам көрсөттү







Нарын шаарына Түштүк Кореядан 47 дарыгерден турган делегация келип, 9–10-октябрда 700гө жакын бейтапты акысыз кароодон өткөрүштү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Кароолор көз, жүрөк, кулак, мурун, таңдай жана башка тармактарды камтып, көптөгөн бейтаптарга акысыз дары-дармектер берилди. Мындан тышкары 14 адамга катаракта боюнча операция жасалды.
Ошондой эле 55 жаштан жогору жарандарга акысыз көз айнектер таратылып, жүрөк жана ЛОР оорулары боюнча кеңештер жана багыттамалар берилди.
"Бул иш-чара Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы эл аралык кызматташуунун ийгиликтүү мисалы болуп калды. Кореялык дарыгерлер жергиликтүү элдин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташуу уланарын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.
