"Маори" партиясы парламентте дагы бир жолу хака бийи менен көңүл борборунда болду (видео)
Жаңы Зеландиянын парламентиндеги жыйын убактылуу токтотулду, анткени жаңы шайланган депутат Орини Кайпаранын урматына хака бийи аткарылды. Ал "Маори" партиясынан шайланган.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, парламенттин спикери Жерри Браунли бул аракет протоколго каршы келет деп белгилеп, окуя боюнча иликтөө жүргүзүлө турганын билдирди.
Орини Кайпара — буга чейин белгилүү журналист болгон жана Жаңы Зеландияда маори бет татуировкасы менен прайм-таймда жаңылыктарды алып барган алгачкы адам катары таанылган.
"Маори" партиясы буга чейин да хака бийин аткаргандыгы үчүн сындалган.
"Маори" партиясы парламентте дагы бир жолу хака бийи менен көңүл борборунда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:33
2025-10-10

16:28
2025-10-10
12:11
2025-10-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.