Макрон өз каалоосу менен кеткен өкмөт башчысын кайра чакыртып алды
Себастьен Лекорню Франция президенти Эммануэль Макрон үчүн акыркы эки жылда дайындалган алтынчы премьер-министр болду. Ал отставкага кетүүгө үлгүрө электе, президент аны кайра кызматка алып келди.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Макрон аны кайра дайындоо менен көп күнгө созулган божомолдорго жана өлкөдөгү барган сайын тереңдеп бараткан саясий кризиске чекит койгон күтүүсүз кадам жасады. Бул билдирүү жума күнү кечинде, Франциядагы негизги саясий партиялардын өкүлдөрү менен акыркы кеңешүүлөрдөн кийин жарыяланды.
Себастьен Лекорню премьер-министрлик кызматынан жуманын башында өз каалоосу менен кеткен. Анын мындай күтүлбөгөн чечими оппозиция лидерлеринин Макронду кызматтан кетүүгө же мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого чакыруусунан улам алып келди.


