АКШнын Теннесси штатындагы ок-дарылар заводунда жарылуу болду. Курмандыктар бар



АКШнын Теннесси штатындагы аскердик ок-дарылар чыгаруучу заводдо болгон жарылуудан улам бир нече адам каза болуп, кээ бирлери дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бир нече ирет кайталанган жарылуулар куткаруучуларга заводго жакындаганга мүмкүнчүлүк бербегендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Компаниянын сайтында айтылгандай, завод Бакснорт шаарынын четинде, Нэшвилл шаарынан 97 чакырым түштүк-батышта, токойлуу дөңсөөлөрдө жайгашкан сегиз имаратта жарылуучу заттарды чыгарып жана сыноо иштерин жүргүзөт.
Хамфрис округунун шерифи Крис Дэвис маалымат жыйынында азыркы учурда бир нече адам дайынсыз болуп жатканын ырастап, учурда болгон күч-аракеттер жумшалып жаткандыгын билдирди. Ал жарылуунун себеби азырынча аныктала электигин кошумчалап, иликтөө бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин айтты.
Басылмалар жарылуудан дөңсөөнүн башындагы имарат жок болуп, күйүп жаткан унаалар гана калганын билдиришүүдө. Ошондой эле жарылуулар уланышы мүмкүндүгү да айтылууда.


