Үгүтчүлөр шайлоо тагдырын чечеби? Президент жооп берди
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке болгон шайлоого байланыштуу үгүт иштерине уруксат берилген үгүтчүлөрдүн саны тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, ар бир талапкер 1000ге чейин үгүтчү жалдай алат. Бул норма айрымдардын тынчсыздануусун жаратып, "парламентке байлар гана келет" деген дооматтар арбыды.
Бул маселеге байланыштуу “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровдон комментарий алды.
Президент белгилегендей, мурунку мыйзамда үгүтчүлөрдүн саны 500 менен чектелсе, жаңы өзгөрүүлөрдө округдардын кеңейишинен улам ченем 1000ге жеткирилген.
“Мен да миң үгүтчү көп деп ойлойм. Себеби канча жолу шайлоого катышсам да бир округга мынчалык үгүтчү алган эмесмин. Азыркы талапкерлер да анча көп үгүтчү албаса керек. Эгер алса, демек, акчасы көп талапкер. Эл шайлабай койсо, акчасы көп болсо да өтпөйт. Ошондуктан кайра-кайра айтып жатам: добушуңарды сатпагыла! Талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда! 500 деп чектеп койсоң да, 500үн расмий алып, дагы 500үн оозеки сүйлөшүп, иштетиши мүмкүн. Далилдеш кыйын. Ошондуктан бул маселеден трагедия жасоонун кереги жок”, - деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров өзүнүн саясий жолундагы тажрыйбасын айтып, элдин колдоосу эң башкы фактор экенин баса белгиледи.
“2005-жылкы шайлоодо бир округдан 12 талапкер катышканбыз. 11и мага каршы биригип алышкан. Менде болгону 200дөй эле үгүтчү бар болчу. Бирок элдин колдоосу менен өтүп кеткем. Ошондой эле 2010-жылдагы шайлоодо үгүтчүлөрдүн көптүгү жеңишке жеткирбеген учурлар да болгон. 30 үгүтчү менен иштеген участкалардан 2 эле добуш алган учурларыбыз болгон. 10 үгүтчү бар участкалардан бир да добуш алган эмеспиз. Мындай учурлар көп", - деп эскерди президент.
Президент үгүтчүлөргө да кайрылып, ар бир кадамын ойлонуп, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
“Ар бир үгүтчү – бул шайлоочу. Кимден акча алып, кимге чуркап жатканын жетимиш өлчөп, бир кесишсин. Кийин элдин убалына калбашын ойлонсун”, - деп жыйынтыктады өлкө башчысы.

