super.kg logo

Капиталдык оңдоодон кийин борбордогу Калинин көчөсү ачылды

 

Кечээ,11-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Калинин көчөсүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү менен таанышып, аны жол кыймылына расмий ачты. Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктагандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, буга чейин жол эки тилкелүү болсо, азыр төрт тилкеге чейин кеңейтилип, жол тыгынын бир топ азайтты. Андан сырткары Жибек Жолу проспектиси менен кесилиши жети тилкеге чейин кеңейтилип, борбор калаадагы эң кыймылдуу кесилиштердин биринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулады. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, бордюрлар, жол сызыктары жаңыртылды.

"Биз борбор калаанын жол инфраструктурасын системалуу түрдө жаңылоону улантып жатабыз. Биздин максат – көчөлөрдү жөн эле оңдоо эмес, аларды заманбап, коопсуз жана бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу кылуу. Адистерге жана подрядчыларга сапаттуу иштегени үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Жунушалиев.

Бул долбоор Бишкектин көчө-жол тармагын модернизациялоо жана шаар тургундарына, конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мэриянын комплекстүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: