super.kg logo

Ташиевдин катышуусунда "Манас" стелласы ачылды

 
Кечээ, 11-октябрда Манас шаарындагы Аюб-Тоодо "Манас" стелласынын ачылышы болду. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жаңы стелланын бийиктиги 8 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
Атайын кызматтын башчысы ошол эле күнү мектепте болгон жолугушууда шаардын атын өзгөртүү стратегиялык багыт экенин билдирип, Манас шаары 2026-жылы республикалык деңгээлдеги статус ала тургандыгын да кошумчалады.
Айта кетсек, Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңеш 10-сентябрда жактырып, өлкө башчы 17-сентябрда кол койгон жана мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирген. Буга байланыштуу калаадагы “Жалал-Абад” деген стелла "Манас" болуп өзгөртүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: