Эрдоган Израилден Газадагы тынчтык келишимин сактоону талап кылды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди ок атышууну токтотуу боюнча келишимди так аткарууга чакырып, Газаны калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Трабзон шаарында сүйлөп жатып билдирди.
"Ок атышууну токтотуу келишимине кол коюу бүт процесстин аяктаганын билдирбейт. Израилдин өз милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылууну көзөмөлдөө зарыл", - деди ал.
Президенттин айтымында, Израил Газанын 85 пайызын жашоого жараксыз абалга алып келип, инфраструктураны толугу менен талкалаган. Ал кыш түшкөнгө чейин элди убактылуу баш калкалоочу жайлардан чыгаруу зарылдыгын белгиледи.
Эрдоган Түркия бул үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшай турганын айтып, Газада гуманитардык жардам жеткирилип жатканына кубанычын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:36
2025-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.