Борбор калаада Bishkek Travel Fest жаштар туризм фестивалы өткөрүлдү (фото)










Кечээ, 12-октябрда Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата "Ынтымак-1" жана "Ынтымак-2" сейил бактарында Bishkek Travel Fest жаштар туризм фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара баш калаанын активдүү жаштарын, туристтик уюмдарын, саякаттоону сүйгөндөрдүн жана жаңы горизонтторду ачкандардын баарын чогултуп, чыгармачылыктын, достуктун жана шыктануунун негизинде өттү.
Фестивалда Байрадан келген улуттук коллекцияны чагылдырган этникалык кийимдер көргөзмөсү болду. Ошондой эле Азамат Кулубеков жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри майрамдык салтанатка музыкалык көрк кошту.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн аниматорлор чакырылып, интерактивдүү зоналар уюштурулду. Келген коноктор жергиликтүү операторлордун саякат сунуштары менен таанышып, табигый бал жана балчылык азыктарын сатып алышты. Ошондой эле улуттук тамак-аштан даам татып, кол өнөрчүлөрдөн сувенирлерди алышты.
