Францияда оппозиция жаңы өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча резолюция сунуштайт
Франциянын оңчул "Улуттук биримдик" партиясы бүгүн, 13-октябрда өлкөнүн жаңы өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча резолюцияны сунуштайт. Бул тууралуу парламенттеги фракциянын лидери Марин Ле Пен Х социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Бир нече күндөн бери билдирип келе жаткандай, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин “Улуттук биримдик” жана биздин өнөктөштөр “Республика үчүн оңчулдардын биримдиги” көтөрөт. Эртең биз расмий түрдө ишеним көрсөтпөө резолюциясын сунуштайбыз", — деп жазды Ле Пен айым.
Ал ошондой эле Франциянын президенти Эммануэль Макронду Улуттук жыйынды таркатуу жана жаңы парламенттик шайлоо жарыялоо үчүн дароо аракет кылууга чакырды. Ле Пендин айтымында, Франциянын жарандары парламенттеги жаңы курамды өздөрү тандашы керек.
Буга чейин, тактап айтканда, өткөн жекшембиде Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнүн жарыялаган.
