super.kg logo

НАТО Нидерландда өзөктүк кармашка каршы машыгуу өткөрөт

 

Бүгүн, 13-октябрда Нидерландда НАТО'го мүчө 14 өлкөнүн 71 учагы катышкан Steadfast Noon аттуу өзөктүк токтотуу боюнча жылдык машыгуулары башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин айтымында, бул жыл сайын өтүүчү кадимки даярдык. Машыгуунун максаты өзөктүк кармашка каршы потенциалын ишенимдүү жана коопсуз деңгээлде сактоо болуп саналат.

Маалыматтарга караганда, Германия үч Tornado жана төрт Eurofighter аскер учагын жөнөткөн. Ошондой эле Швециянын Jas 39 Gripen жана Финляндиянын F/A-18 Hornet учактары катышууда. АКШ да машыгуунун катышуучуларынын арасында болот.

Steadfast Noon учурунда чыныгы өзөктүк курал колдонулбайт. Машыгуулар 24-октябрда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: